Эртең Бишкекте кыргыз "Оскарын" тапшыруу аземи өтөт
Эртең, 27-октябрда Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында кыргыз "Оскары", тагыраагы, "Ак-Илбирс" элдик сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. "Ак-Илбирс" элдик сыйлыгы Кыргызстандын аймагындагы кино жаатына өз салымын кошкон инсандарга берилмекчи. Аталган сыйлыктын түзүүчүлөрү белгилүү режиссёрлор: Артык Сүйүндүков, Актан Арым Кубат, Марат Сарулу, Садык Шер Нияз, Таалай Кулмендиев, Темир Бирназаров, Нурлан Абдыкадыров, Эрнест Абдыжапаров.