Орусиялык шоумен Иван Ургант 7 миллион долларга хан сарай сатып алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, хан сарай Москванын четинде жайгашкан. Анын короосунда чоң бакча, коноктор үчүн эс алуучу жай, бильярд жана чакан ашкана орун алган. Ургант үйдү сатып алгандыгы тууралуу документтери даяр болгон соң дароо үй-бүлөсү менен көчүп барган.
Орус басылмаларынын жазган маалыматына таянсак, шоумендин Санкт-Петербург шаарында чоң үйү жана Москвада бир нече батирлери бар. Ошондой эле Италиянын Форте-деи-Марми коммунасынан да турак жай алып койгону айтылат.