Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун Ак-Муз көчөсүнөн азиат түспөлүндөгү аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 18-апрелде табылган. Аял киши болжол менен 30-35 жаш куракта. Бою 160-165 сантиметр. Арык чырай, чачы узун жана кара түстө. Көзү күрөң түстө.
Кийген кийимдери: кара түстөгү спорттук кийим, кара футболка жана бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.
Өзгөчө белгилери: оозунда сары түстөгү металлдан жасалган төрт тиши бар.
Каза болгон адамды таанып, көргөн билгендер болсо, төмөндөгү телефон номерлери аркылуу байланышса болот.
Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмү: 0 312 54-41-84, 0550 102-486, 0500 102-486.