Бүгүн, 21-июнда Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунда “Менин мекеним - Кыргызстан ” ураанынын алдында этникалык чыр-чатактардын алдын алуу максатында “Улуттар аралык ынтымак - Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизи” аттуу маданий иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын демилгечилери ИИМдин 10-Башкы башкармалыгы болду. Анын алкагында ар түрдүү ырлар ар улуттун өкүлдөрүнүн аткаруусунда жаңырып турду. Ошондой эле иш-чарага конок катары Ош шаардык кеңешинин депутаттары, диний кызматкерлер жана Амир-Темир кичи районунун жашоочулары катышышты. Улуттар аралык достукту, ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган иш-чара республиканын башка аймактарында да өтүп жаткандыгын ИИМдин Ош шаарындагы басма сөз кызматы кабарлады.