АКШнын Флорида штатында педофил деп айыпталгандарды тирүүлөй куйкалап, барбекю жасагысы келген жаран кармалды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, аталган штаттын тургуну Жорже Порто-Сиерра өспүрүмдөргө зордук-зомбулук көрсөтүп жүргөндөрдү куйкалап өлтүргүсү келген. Бул тууралуу ал полиция кызматкерлери тарабынан кармалган учурда айтып берген. Ошондой эле Жорже Порто-Сиерранын курмандыгына кабылгандардын экөө мурда жашы жете элек балдарды зордуктаган деп айыпталган.
Күбөлөрдүн айтымында, кылмышкер Флоридадагы "Friendly Village Inn" мейманканасына кирип, "мен сени өлтүрөм, педофил!" деп чуу чыгарган. Ал мейманкананын кире беришине күйүүчү май төгүп, өрт койгонго аракет кылган.
Жорже Порто-Сиерра сурак учурунда мейманканада өрт чыгарууга аракет кылып жатканда полиция кызматкерлери келип калганын билдирген. Учурда кылмышкер камакта. Ага карата кандай жаза колдонулары так аныктала элек.