АКШда оюн учурунда 7 жумалык кыздын башына топ тийип, ал комада жатат

АКШнын Айова штатында түгөйлөр төрөлгөнүнө 2 ай боло элек кызын алып софтбол боюнча мелдеш көрүү үчүн оюн талаасына келишкен. Бирок ал жерден алар ойго келбеген кырсыкка туш болгондугун чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматта жазылгандай, оюн жүрүп жаткан учурда топ 7 жумалык наристенин башына келип тийген.

Маккенна Ховенга аттуу ымыркайдын баш сөөгү сынып, мээсине кан куюлуп кеткен. Учурда анын абалы оор бойдон калууда. Кыздын ата-энеси бул кырсыкка эч кимди күнөөлөй албай тургандыгын айтышкан.

Алардын айтымында, ошол учурда ымыркайдын апасы кызын эмизүүгө киришкен. Ал ыңгайлуураак отуруп алуу үчүн жай карап жаткан күйөөсү да, кызы менен алаксып жаткан апасы да топтун алар тарапты көздөй багытталганын байкабай калышкан. Кызды ошол замат ооруканага жеткиришкен.

Америкада оюн учурунда 2 айлык ымыркайдын башына топ тийип, ал комада жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asil-08
2018-05-08 08:13:00
Балээ барбы анан топто,акылсыздар, кичинекей бөбөко жалко айыгып кетсин эртерээк.
+1
umar4ik
2018-05-08 08:22:59
Кырсык каш кабактын ортосунда деп койчу беле. Наристе эртерээк сакайып кетсин.
+3
aidinaernur
2018-05-08 09:21:27
Байкуш ии
Наристеге жаман болуптур
Айыгып кетсин
+1
Lilireinhart18
2018-05-08 11:28:11
Кыргыздар туура эле кылат 40 кун эч жака чыкпай энесин да тындырып, а булар 4 кундук баласы менен шопинг кылып журо беришет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан