Кыргызстанда алгачкы жолу аскер терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү жарык көрдү. Мындай маалыматты 21-июнда китептин автору, КОСУнун профессору, Аттокур Жапанов билдирди. Айтымында, бул автордун жарык көргөн 44-китеби. Китептин жарык көрүшүнө Коргоо министрлиги материалдык жактан жардам көрсөткөн. "Биз кыргыз армиясын интеллектуалдык жактан даярдашыбыз керек. Бул китепте аскердик терминдердин кыргызча котормосу менен катар түшүндүрмөсү берилген. Ошондой эле Кыргызстандын 20 жылдык хронологиялык таблицасы киргизилди”, - деди автор. Белгилей кетсек, жарык көргөн аскердик терминдердин сөздүгү Коргоо министрлигинин 21 жылдыгына, Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун 100 жылдыгына арналган.