Нарын. Шаардын 145 жылдыгына карата жасалып жаткан курулуш иштери менен шаар мэри таанышып чыкты

20-июнда Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев Нарын шаарынын негизделишинин 145 жылдыгына карата жасалып жаткан курулуш иштери, инфраструктураларды оңдоо, ишке киргизиле турчу объектилер боюнча тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте кыдырып, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына пландалган иштер боюнча жер-жерлеринде кеңири маалымат берди. Текшерүүнүн жүрүшүндө жакынкы убакта аткарыла турган иштердин негизгилери 15 гектар жер аянтына ыплас сууларды топтоочу жай куруу, Төш-Булак аймагында жашаган калкты таза суу менен камсыз кылуу, Москва чөлкөмүндөгү Ж.Акималиев сейил багын оңдоо, Төш-Булак жана РТС чөлкөмдөрүндө «Акун» ААКсы тарабынан Бишкек баасында күнүмдүк керектөөчү продукция сатылуучу дүкөндөрүн ишке киргизүү. Ошондой эле «Чолпон» соода комплексин, «Нарын-Береке» сүттү кайра иштетүүчү цехин ишке киргизүү да алдыдагы чоң пландардын бири экени белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан