SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коноктору - белгилүү эстрада жылдызы Назми Байзакова жана 3 жигиттен турган "Музаман" тобу. Түз эфир 9-май күнү саат 15:00дө башталат. Анда ырчылар Улуу Жеңиш күнүнө карата шаңдуу чыгармаларын жандуу үн менен аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашат.
Ырчы Назми Байзакова бир кезде Сапар Сопубеков менен биргеликте "Алдаба", "Эсимде" деген сыяктуу чыгармаларды дуэт ырдап чыкса, кийин чыгармачылыгын өзү улантып, "Бактым тоодой ушундай", "Манас ыры" жана башка бир топ элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларды аткарып келет.
Ал эми жигиттерден түзүлгөн "Музаман" тобу Аксай Мукамбет уулу, Алымкул Мамырбаев, Тариэл Токмергенов аттуу мырзалардан турат. Топтун мүчөлөрү өткөн жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышкан. Топ алгачкы тушоо кесүү концертин Талас өрөөнүндө берсе, быйыл жазында борбор калаада жеке концерт тартуулашкан.