МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! Назминин мекенди сүйүүгө чакырган "Манас" аттуу ырынын клибин биринчилерден болуп көрүңүз

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмү дагы бир жаңы клип менен толукталды. Тактап айтканда, ырчы Назми Байзакованын "Манас" аттуу ырынын клибин биринчилерден болуп портал жарыялады. Ырчы айым клип тууралуу буларга токтолду.

"Шоу-бизнес - аты айтып тургандай эле бизнес, ырчылар калктын талабына жараша той ырларын жаздырып, ал аркылуу каражат таап жатышат. Бул нормалдуу көрүнүш. Ошол эле учурда ар бир эл адамы, ырчылар мекен алдындагы милдетин унутпашы керек деп ойлойм. Буга байланыштуу мен жаштарды мекенди сүйүүгө, ынтымактуу болууга чакырып ушул ырды жаздырып, клип тарттырдым. Негизи ар бир ырчынын репертуарында мекен темасындагы ырлар болуш керек", - деди ал.

Сөзү Шахзада Авсаматовага, обону Эркин Мээркановго таандык "Манас" ырынын клибин "Синемарт" студиясынын директору Арсен Мендебаев тарткан. Жалпысынан видеокомпозиция 3 айда даяр болгон.
"Менин, бийчилердин образын дизайнер Замира Молдошева сунуштап, иштеп чыкты. Ал эми теманы тандоодо да абдан кылдат мамиле жасадык. Бул боюнча Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыковдон, манасчы Дөөлөт Сыдыковдон кеңеш сурадык. Алар "Манас" эпосун жайылтуу - туура чечим деген ой менен бизди колдошту. Ыр "Манас" эпосу жөнүндө эмес, жалпы кыргыз элинин жашоо турмушу, жаратылышынын кооздугу тууралуу жазылган", - деп кошумчалады Назми Байзакова.

Клипти көрүү үчүн ушул жерди басып "Медиа-портал" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан