Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого ат салышкан партиялардын өкүлдөрү катышкан теледебат улантылды. Дебат учурунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровго "Кыргызстандын азыркыдай оор абалга келишине күнөөм бар деп ойлойсузбу?" деген суроо узатылды. Буга Адахан Мадумаров: "Кыргызстандын азыркы абалына келишине менин эле эмес, баарыбыздын күнөөбүз бар. Керек болсо ошол учурдагы туура эмес иштерге унчукпай, кайдыгерлик кылганы үчүн Кыргызстандагы 5 миллион эл да күнөөлүү. Мен бийликте турганда төрөт үйлөрү бекер кызмат көрсөтүүгө өттү. Мектептерде оңдоп-түзөөлөр үчүн ата-энелерден акча жыйнамай токтогон. 10 эмес, 7 бала төрөгөн энелерди Баатыр эне кылалы деген демилге да Мадумаров бийликте турганда көтөрүлгөн. Санай берсе көп эле, мен жасаган иштерим менен ар дайым сыймыктанам",- деп жооп берди.