"Орто-Сай" базарындагы "Каухар" соода борборунда өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Алдын ала маалыматтар боюнча "Орто-Сай" базарындагы "Каухар" соода борборунун жогорку кабатындагы медициналык кызмат көрсөткөн жай өрттөнүп жаткан. Жеринен өрт өчүрүү кызматкерлери жана ИИМдин куткаруу бөлүмү иш алып барууда. Учурда өрт өчүрүлдү. Маалыматтар боюнча өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалыматтар түшө элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Айта кетсек, 8-майда Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарында өрт чыккан. Бул тууралуу окурман "Элдик кабар" рубрикасына кабарлаган.