“Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевге чалып, кримчөйрөдөгү авторитет Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотууну айтышы мүмкүн”,- деп билдирди Турсунбек Акун бүгүн, 21-июнда маалымат жыйынында. Айтымында, Батукаевдин бошотулушуна жол берген Шамиль Атахановго, Зарылбек Рысалиевге премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев буйрук берген болушу мүмкүн. "60 миллион сом карыздан кечип, ГЭС куруп берип жаткан Орусия бийлиги чындап эле Батукаевди бошотууну суранса, Жантөрө Сатыбалдиев бул тууралуу элге ачык эле айтып, кеңешип, бир бүтүмгө келсек болмок",- деди акыйкатчы.