Суусамырда жол кырсыгынан бир адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунун Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 8-майда 15:30дар чамасында болгон.

"Бишкек-Ош унаа жолунун Суусамыр өрөөнүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа менен Volvo үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа катар келе жатып жөөлөшүп кетишкен. Мындан улам жол кырсыгы орун алып, бир адам каза болду. Окуя болгон жерге биринчилерден болуп Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан. Ал эми каза болгон айдоочу "Тез жардам" кызматы келгенге чейин каза болуп калган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Учурда жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, каза болгон айдоочунун өздүгү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlanpiter
2018-05-08 18:55:19
Жол талашып айдашканго кыязы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан