Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун борбордук бөлүгүндөгү эң чоң арык таштандыга толуп кетти. Мындай маалыматты окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө кабарлап, сүрөттөрү менен бөлүштү.
Анын айтымында, андагы абалды эч ким көзөмөлгө албайт.
"Райондун борбордук бөлүгүндөгү Ибраимов көчөсүндө турабыз. Биздин көчө аркылуу чоң арык аркылуу суу агып өтөт. Ал суудан эмнелерди гана кезиктирбейсиң! Бөтөлкө, желим идиштер, жарактан чыккан күнүмдүк тиричилик буюмдары, ал тургай иттин, эшектин, мышыктын өлгөн тарптары да агып келет. Ар кайсы жерде такалып жатып, алар сасып кеткен учурлар да болот. Бирок эч көзөмөл жок.
Мына бул иттин өлүгү агып келгенине 2-3 күн болду, биз четке чыгарып койгонбуз. Бирок ар бир эле агып келген тарпты көмүп же жок кыла албайбыз да. Эң эле өкүнүчтүүсү райондун борборунан кийинки айылдарда бул арыктагы суу ичүү үчүн пайдаланылат. Эгер тиешелүү мекемелер аракет көрбөсө, кесепети чоң болот", - деп жазды окурман.
Ошондой эле ал тургундарды сууну сыйлоого чакырып, таштандыны сууга ыргытпоого чакырган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.