Бүгүн, 8-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айылында Жеңиштин 73 жылдыгына карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу кабарлады.
Анын билдирүүсүнө ылайык, аталган айылда Улуу Ата Мекендик согуштун 2 ардагери жашайт.
"Эртең 9-майда ардагерлер шаарда өтө турган салтанатка бара тургандыктан, айыл эли аларды бүгүн куттукташты. Бир гана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эмес, Баткен жана Ооган согушунун ардагерлерин да куттуктап, дасторкон жасалып, белектер тапшырылды.
Майрамдык кечеде мектеп окуучулары параддан өтүштү. Салтанатка айыл өкмөт башчысы да катышып, Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады", - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.