21-июнда депутаттар Эркингүл Иманкожоева жана Ирина Карамушкина Бишкек шаарындагы Улуттук онкологиялык борборунда болуп, аталган оорукананын полятивдик бөлүмүнүн имаратынын оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин аталган оорукананын имаратынын эскилиги жеткендиктен, оорулууларга тиешелүү шарттар түзүлбөй келген. Мындан улам бюджеттен бөлүнгөн 8,5 миллион сомго имарат толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, дарыланып жаткан жарандарга бардык шарттар түзүлгөн. Бардык ооруканаларда бейтаптар үчүн шарт түзүлүүсү керек экенин баса белгилеген эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан аталган ооруканага материалдык жардам көрсөтүштү. Ошону менен бирге андагы дарыланып жаткан бейтаптар менен жолугушуп, алардын абалынан кабар алып, бекем ден соолук каалашты.