Иса Өмүркулов Түркиянын Жогорку билим берүү боюнча комитетинин төрагасы менен жолугушту

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Түркиянын Жогорку билим берүү боюнча комитетинин төрагасы Гокхан Четинсая менен жолугушту. Жолугушууга шаардын вице-мэри Олег Попиков жана Түркиянын Жогорку билим берүү боюнча комитетинин мүчөлөрү Дурмуш Гунай, "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин өкүлү Мехмет Шишман жана башкалар катышты. Анда тараптар билим берүү маселелерин талкуулашты. Шаар башчысы азыркы учурда Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, медицина тармагы, социалдык объектилерди куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу кызуу жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берди. Мындан сырткары Иса Өмүркулов, "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин окуу базасы өсүү жолунда экендигин жана студенттер сапаттуу жогорку билим алышарын белгиледи. Өз кезегинде Гокхан Четинсая жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан ары эки өлкө ортосунда кызматташуунун чыңдалышына ишенимин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан