Өзбекстан элчилигинин алдында нааразылык акциясы өттү

Бишкектеги Өзбекстандын элчилигинин алдында нааразылык акциясы өттү. Бүгүн, 21-июнда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун маалымдашынча, элчиликке барып, Кадамжайда кыргызстандык жаранды атып өлтүргөн Өзбекстан чек арачысын кыргыз күч түзүмдөрүнө өткөрүп берүүнү, өлтүрүлгөн жарандын үй-бүлөсүнө материалдык компенсация төлөөнү жана мыкаачылык менен киши өлтүргөн өзбек чек арачысын кызматтан кетирүүнү талап кылган нааразычылык катын элчиликке тапшырды. Ошондой эле Токтонасыров кыргыз өкмөтүнө кайрылып, ушул окуя үчүн Өзбекстанга суу берүүнү токтотуу талабын койду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан