"Эл эмне дейт?" долбоору аркылуу таанылган актёр Радик Эшимов сүйүктүүсүнө үйлөнүү тууралуу сунушун киргизди

"Эл эмне дейт?" долбооруна, жарнамалык роликтерге тартылып, эл оозуна алынган актёр, режиссёр жана алып баруучу Радик Эшимов сүйүктүүсүнүн колун сурады. Бул тууралуу Радик мырза SUPER.KG порталына билдирди.

"Сүйлөшкөн кызым Айканыш экөөбүз 1 жарым жылдан бери кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрөбүз. Ал эми баш кошуу сунушун 13-майда туулган күнүндө киргизейин дегем, бирок күтүүсүз белек болбой калбайт деп 9-майда жасадым. Айкоша экөөбүз кинотеатрга бат-баттан барып турбасак башыбыз ооруп кетет. Андыктан сунуш жасоону да киного байлайын деп, иш ордум орун алган эс алуучу жайдагы кинотеатрга чакырдым. Мага кесиптештерим жана досторум жардам беришти. Айкошага бир аз жумуштарым калганын айтып, жардамдашып коюусун сурандым. Ал кеңсеге кирип келгенде гүл менен тосуп алып, баш кошуу сунушун киргиздим", - дейт ал.

Ошондой эле Радик Эшимов эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгонун жана үлпөт той күзүндө өтөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nargiz94
2018-05-10 15:53:16
Романтик го... эл эмне дейттеги дайыма девушкасы болуп аткарган кыз экоо пара го. Ошол девушкасы экен деп ойлочум.
+3
KRIMINAL
2018-05-10 15:57:12
Силерди эч ким деле талкуу кылбайт. Нурлан менен Асел бүтө элек))
+5
Nestana95
2018-05-10 17:09:27
KRIMINAL, очередь жете элек дейсизби...жардыныз тазза эле
+3
Crystal
2018-05-10 23:50:33
Ушулардыкы жашоо керемет
+1
Meni_unut
2018-05-11 00:23:29
Коойчай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан