Бүгүн, 10-майда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновго, мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге чечим чыгармак. Бирок Искендербек Айдаралиев ооруканага жатып калгандыктан сот 16-майга саат 14:00гө жылдырылды.
Шаардык соттун алдына Самаковдун тарапташтары чогулуп, "Адилеттүү чечимди талап кылабыз", "Соттор, Кудайдан корккула!", "Самаковдун ак экенин эл билет" деп жазылган плакаттар менен турушту.
Ал эми коомдук ишмер Эсенгул Исаков чогулган элди 16-майда да кайра соттун алдына чогулууга чакырды.
"Карганбек Самаковдун ден соолугу начарлап жатат. Бирок биз ага жардам берип, акыйкат чечим чыгарууга болгон аракетибизди көрүүдөбүз. Эгер андай чечим чыкпаса Ак Үйдүн алдына барып, президентке кайрылуу жасайбыз", - деди ал. Чогулган эл отурумдун жылганын уккандан кийин тарап кетишти.
Эске салсак, Башкы прокуратура 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү жер тилкелерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнү аяктап, ишти сотко жөнөткөн. Анда Карганбек Самаковго карата "коррупцияны уюштуруу", Жаныш Бакиевге жана Курманбек Бакиевге карата "коррупцияга көмөктөшүү", К.Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго жана алардын 4 адамына карата "коррупцияны кошо аткаруучулук" беренелери боюнча айыптар тагылган.
Өкмөттүн "Кыргыз Республикасынын Аламүдүн районунун аймагындагы жерлерди которуу жөнүндө" мыйзамсыз токтомун чыгарганы үчүн мурунку премьер-министр Игорь Чудиновго, мурунку биринчи вице-премьер-министр И.Айдаралиевге жана мурунку айыл чарба министри А.Ногоевге карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.