Балыкчыда 69 жаштагы кишини сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 69 жаштагы кишини сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-майда саат 20:40 чамасында Балыкчы шаарынын Фрунзе көчөсүнөн жөө жүргүнчүнү сүзүп, жол кырсыгы болгон жерден из жашырып качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 69 жаштагы Л.С. аттуу жаран ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Ыкчам изилдөө иштеринин негизинде шектүү катары BMW үлгүсүндөгү унаанын 32 жаштагы Ж.Т. аттуу айдоочусу кармалып, тергөөчүгө өткөрүлүп берилген.

Унаа айып жайына токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан