ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндөгү Дөң-Булак айыл өкмөтүнөн тууну кордобоону өтүнөм" дейт окурман

"Ош облусунун Өзгөн районундагы Чымбай айылынын тургундарынан жана Дөң-Булак айыл өкмөтүнөн Кыргыз Республикасынын туусун кордобоосун өтүнөм", - деп "Элдик кабар" рубрикасына жазды окурман.

Келип түшкөн билдирүүгө караганда, Чымбай айылына кире бериш жерде илинип турган тууну жаңылоо керек болуп калган.

"Мамлекеттик символго кайдыгер мамиле жасабоого чакырам. Өзүм бул айылда жашабаганым менен, көп келем, бирок туу желбиребей эле бир учу темирге илинип, жыртылып турат", - деген ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
wirintai27
2018-05-11 11:52:39
Ушул кунго чейин корушподубу?Жанысын алып илип коюштан эринишкен го
+3
Syimyk.isaev
2018-05-11 11:53:02
Чымбайлыктарга айт жанысын алып илип койсун,илип коюш ушунчалык кыйынбы? Менин айылымда болсо озум эле башкасын алып илмекмин.
+2
imanberdi98
2018-05-11 12:18:38
Любой адам алып илип койсо боло берет жаңысын
+2
manaas
2018-05-11 12:58:56
20 жылдыктар жанысын илип койсо керек, 25-майга чейин куто тургула.
+2
gulmira12345
2018-05-11 14:36:13
Ушуну элдик кабарга жоноткон автор тартып жонотуп отурбай анчалык патриот экенсин сатып алып илип койсон болчу экен ошол жердин кулуну чыгарсын
+1
titanik32
2018-05-11 16:24:23
gulmira12345,Сүрөттү тарткан автор аталган айылдын тургуну эмес экен,бирок кез кез өтүп турат деп жазылып турат го.Дагы жакшы өтүп тартыптыр,тартбай койсо да болмок.Ошол айылдын жашоочуларынын көзү көрбү,күндө ошол жол менен өткөн чыгаар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан