Роза Отунбаева: "Кыргызстандагы демократиянын башкы душманы - жакырчылык"

17-18-июнь күндөрү Австриянын Вена шаарында “ЕККУнун коопсуздук күндөрү-2013” аталышындагы конференцияда ЕККУнун 21-кылымдагы ордун талкуулоо жыйыны болуп өттү. Ага экс-президент Роза Отунбаева катышып, сөз сүйлөдү. Ал белгилегендей, Дүйнөлүк банктын стандарттары боюнча Кыргызстан кирешеси төмөн өлкөлөрдүн катарына кирет, башкача айтканда, 2011-жылдын маалыматы боюнча? ар бир жаранга 900 доллар туура келген. Бирок ошого карабай ЕККУга дүйнөнүн дээрлик бай өлкөлөрүн бириктирген уюмга мүчө-мамлекет болуп саналат. “Ушул эле көрсөткүч Кыргызстанга караганда Молдовада 2,2 эсе жогору. Ал жакта ар бир жаранга 1990 доллар туура келет, ошентсе да бул Европадагы кирешелер боюнча эң төмөнкү индекс дегенди түшүндүрөт. Кыргызстандагы демократиянын башкы душманы - жакырчылык.  Биз элди жакырчылыктан алып чыгышыбыз керек, мейли өлкөдөн тышкары чет жактарда болсун, аларга жумуш таап берип, иш менен камсыздаш керек. ЕККУ өлкөлөрүнүн 992 миллион калкынын 980и кирешеси төмөн өлкөлөрдүн деңгээлинен жогору шарттарда жашашат. ЕККУ дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүн бириктирет. Болгону 5,5 миллион калкы бар Кыргызстандын жарандары үчүн жана ЕККУнун мүчө-мамлекеттеринин элдери менен жалпы баалуулуктарды бөлүшкөн өлкө үчүн эмгек рыногун ачуу кыйынбы?- деди Отунбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан