Паспортун үйүнө унутуп калып, чек арадан эжесинин документи менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Баткен облусундагы Кыргыз-Өзбек чек арасынан эжесинин паспорту менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 10-майда "Ак-Кыя" көзөмөл өткөрүү бекетинде болгон. Анда Кыргыз жараны Кыргыз-Өзбек чек арасынан башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган.

"Документти текшерүү учурунда аны көрсөткөн адам менен паспорттогу сүрөт окшошпогонун кызматкерлер байкашкан. Аны кармап суракка алган учурда 28 жаштагы Э.А. болуп чыккан. Ошондой эле ал өзүнүн паспортун унутуп калгандыктан эжесинин документин колдонгонун айткан. Тийиштүү кагаздар толтурулган соң, шектүү ИИМдин аймактагы өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
taalay25
2018-05-11 16:26:26
Менин дагы паспортум менен жээним отуп кеткен экен чек арадан. Мен кийин уктум. Пропискадан чыгарып келгиле деп уйдогулорго берип жибергем айылга. Анклавдан отолу десе жээн паспортум жок дептир. Анан менин паспортумду берсе ошону менен отуп кетиптирлер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан