Өлкө аймагында 12-майдан 16-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлайт.
Маалым болгондой, 12-майдан тартып мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, ал эми тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.
"Чүй, Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көлдө жаан-чачын орун алып, шамалдын соккон ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт. Ал эми Бишкек шаарында 12-май күнү түнкүсүн жамгыр жаабай, күндүзү мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай аба ырайы 16-майга чейин созулушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет", - деп жазылат маалыматта.