ЭЛДИК КАБАР: "Ала-Букада аскердик танктар айылды аралап өтөт" деп билдирди окурман

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында №30670-аскердик бөлүгүнүн танктары айылдагы жолду аралап өтөт. Мындай кабарды окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу жолдоду.

Анын айтымында, танктар өтүүчү атайын жол бар, бирок аскерлер айылдагы жол менен айдашат.

"Эл жашаган көчөнү аралап ар күнү танктар өтөт. Алар өткөндө кадимкидей үйлөр солкулдап, балдар коркуп ыйлай баштайт. Жол боюндагы дубалдар жарылып да кетет. Танктын өзүнүн да сүрү бар", - деген ал билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Zainidin96
2018-05-11 14:14:35
Укмушго башка жол жок бекен танкга
+3
Defans2017
2018-05-11 14:24:53
Мина койуп койсон экинчи жолу отпойт
+2
Alixan-Nookat.2015
2018-05-11 14:30:42
Өзүң сынчы жок үй салып танк айдагандарга шылтоо кылба. Аэропорттко, поезд жолго жакын үйлөр бар ошолор жакшына эле турат го. Танктар үчүн жол салганга жетише элек болсок керек эмне алар учуп журсунбу? Күндө танк айдагыдай бизде аларга анчалык күйүүчү май бөлүнбөйт.
+12
ahunali12
2018-05-11 14:47:21
Alixan-Nookat.2015,аэропортко жакын уйлор былтыры эмкне болгогун унуттунбу
-6
Azat.97
2018-05-11 14:41:47
Автор мурун жаракка кеткен жерлерди эле тартып кетирип ийипсин го.Ошончо болду танктын жолун дагы тартсан болмок экен
+5
tttalant
2018-05-11 15:12:05
Уйго зыян тиет бирок чындык..бирок башка жол болсо журсо болмок экен..айла жокта башка
-3
haydarkan
2018-05-11 15:29:08
Койчу ай кичинекей танкага ошончолук жарылмак беле. Андай болсо мурдаа трактолор деле сеп менен жургон ошондо кулап кырылып калат эледа сср убагында эле.
+8
BekAmir
2018-05-11 15:57:08
Суйунуп отура бергиле озубуздун армия отсо. Демек айылынар тынч.
+10
Flowhive
2018-05-11 16:03:09
Бар болсо да, жакпаган элбиз да.наалыйсын да.полигон жанында жашасанар шымына жайлап алгыдайсын
+6
uli1234
2018-05-11 16:33:50
Бтр, бмп го булар танка отсо уйлору тушуп калатко
+6
Syimyk.isaev
2018-05-11 17:46:42
Сыймыктанып эле жата бербейсинерби. Озубуздун армияныкы болуп жатса.
+5
Bars88
2018-05-11 18:07:05
Отсо жакшы эмеспи сур болот.Барды дагы коро албайбыз.Суйун отуп атса
+4
Tyty1990
2018-05-11 18:29:14
Танкалар уча албайт да, учканда үйүңөр титиребейт болчу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан