Ырчы, обончу Түмөнбай Колдошевге айылдаштары ак боз ат тартуулашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын окурманы "Элдик кабарга" маалымдады.
Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, Колдошевге ат тартуулоону айыл эли демилгелеп, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтү тарабынан ишке ашырылган.
"9-Май - Улуу Жеңиш күнүн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылынын жашоочулары кызуу белгиледик. Бул күнү биздин айылдан чыккан белгилүү обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошев да келип, аны чоң эне, чоң аталар баштаган айылдыктар тосуп алып, ак боз ат тартууладык. Ыр-бий коштолгон салтанаттуу кечеде айыл аксакалдары обончуга бата беришти. Мындай колдоо чыгармачыл адамга андан ары да шык берет деп ойлойм", - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Түмөнбай Колдошев музыка сүйүүчүлөрүнө "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам", "Жүрөгүмдө сүйүү боздойт", "Элегия", "Коштошуу" жана башка ырлары менен белгилүү.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.