Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кайырма айылында жансыз денеси табылган 32 жаштагы жарандын өлүмү боюнча бир нече себептер белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Жансыз денеси табылган жарандын өздүгү аныкталды. Ал 32 жаштагы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургуну У.З. аттуу жаран болгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде маркумдун жол тандабас унаасы айылдын четинен табылды. Бизге жеткен маалыматтар боюнча кылмышка шектүү менен маркумдун ортосунда карыз акчадан улам жаңжал чыгып, мушташа кетишкен. Шектүү окуя болгон жерден из жашырып качып кеткендиктен, бүгүн ал Бишкек шаарынан колго түштү. Ал 24 жаштагы А.А. аттуу жаран болгон. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча тергөө иштери башталды", - деди маалымат катчы.
Айта кетсек, кечээ, 10-майда саат 18:10 чамасында Аламүдүн районундагы Кайырма айылынан жансыз дене табылган. Милиция маркумда киши колдуу болуп каза болгон белгилер бар экенин аныктаган.