Бүгүнкү болуп өткөн Нарын облусундагы инвест-форумдун жүрүшүндө Нарын жергесине курулуп жаткан ГЭСтердин курулуш иштерине байланышкан маселелер да көңүл чордонунда турду. Баарыбызга белгилүү болгондой, мындай ири долбоорлордун өлкөгө тартылып келиши айрыкча Нарын облусунун экономикалык-социалдык абалынын жакшырышына өбөлгө түзөт. Бүгүнкү болуп өткөн форумду утурлай официалдуу түрдө “Жогорку Нарын каскады” жабык акционердик коомунун өкүлү Игорь Горбенко менен облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков ГЭСтердин курулуш иштерине жергиликтүү элди жумушка тартуу жана Нарындан өндүрүлгөн экологиялык таза айыл чарба продукциялары менен азык-түлүктөрдү сатып алуу жөнүндөгү меморандумга кол коюшту.