Бишкекте белгисиз адам 16-кабаттан боюн таштап, каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, белгисиз адам Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен боюн таштап жиберди. Окуя бүгүн, 11-майда саат 13:30 чамасында болгон.
"Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин ыкчам-иликтөө тобу барган. Анда боюн таштаган адам өз өмүрүнө кол салганы айтылууда. Азыркы учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, себептери аныкталууда", - деди маалымат катчы.