Нарында 2 окуучу сууга чөгүп каза болду

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында 2 окуучу сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу 12-майда Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"11-май күнү саат 17:30 чамасында Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына билдирүү келип түшкөн. Анда Кош-Дөбө айылында жайгашкан "Жашыл-Талаа" насостук станциясындагы суу сактагычка жергиликтүү мектептин 10-классынын К.Н. жана Т.Д. аттуу окуучулары чөгүп кеткендиги айтылган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып "сууга түшкөнгө болбойт" деген эскертүүгө карабастан сууга түшүп жаткан мектеп окуучулары чөгүп, каза болгондугун аныкташкан", - дейт басма сөз кызматы.

Ошондой эле маркумдардын денеси табылып, жакындарына өткөрүлүп берилгендигин жана алардын ата-энелери денелерди экспертизага берүүдөн баш тарткандыгын басма сөз кызматы кошумчалады.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ajara_13
2018-05-12 14:51:34
:(
+2
Alimankooooo
2018-05-12 15:20:07
10класс эне байкуш түйүлдүктөн баштап канча карап канча алпештеп ооруса кошо ооруп өзү канча ооруду 9ай курсагында көтөрдү эми эрезеге жеткен убакта баласынан урмат көрө турган убак келгенде мына минтип ый мун менен отурат атин ай эне байкуш
+10
monster_high_98
2018-05-12 16:40:44
Жаткан жери жайлуу болсун!Силердин сууга тушууго болбойт деген жазуунарды ким кормок эле?Козомолду кучотушсо кээ бир конулкоштор
+5
kalima88
2018-05-12 21:28:06
Мындай кабарды окуганда дене боюң зыркырайт,жаткан жерлери жайлуу болсун! Ата-энелерине сабыр.
+5
aiturgasha
2018-05-13 08:47:10
Менин 3 жашар иним да сууга тушуп каза болуп калды. Дагы деле озубузго келе албай журобуз. Аллахым 2 баланын ата энесине сабыр берсин!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан