Чүйдө 45 жаштагы адамды тоноп, өлтүрүп андан соң өрттөп жибергенге шектелген жарандар кармалды

Чүй облусунун Александровка айылында 45 жаштагы адамды тоноп, өлтүрүп андан соң өрттөп жибергенге шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 23-декабрында Александровка айылындагы Масанчи атындагы көчөдөгү арыкта Ж.Э. аттуу 45 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Чүй облусунун тургундары 31 жаштагы А.З., менен 27 жаштагы Ж.А., кармалган. Ал эми үчүнчү шектүү 33 жаштагы Д.М. болгон, бирок ал ушул жылдын январь айында каза болуп калган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monster_high_98
2018-05-12 16:36:21
Учоондун кучун бир адамга жеттиби?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан