"Евровидение-2018" эл аралык ыр сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

"Евровидение-2018" эл аралык ыр сынагынын жеңүүчүсү деп 25 жаштагы ырчы табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Лиссабон шаарында орун алган "Евровидение-2018" эл аралык ыр сынагынын жеңүүчүсү деп 25 жаштагы Израиль өлкөсүнөн келген ырчы Нетта Барзилай табылды. Сынактын финалында ал өзүнүн "Тоу" аттуу ырын аткарган. Ырчы көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнөн кийин 529 упай топтоп жеңүүчү аталган.

Ал эми ыр сынакта 2-орунга Кипр өлкөсүнүн өкүлү Элени Фурейра өзүнүн "Fuego" чыгармасы менен жайгашса, 3-орунду австриялык Сезар Сэмпсон өзүнүн "Nobody But You" аттуу чыгармасы менен ээлеген.

Netta - "Toy"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Mars575
2018-05-13 12:30:26
Семиздерге позитив болуптурда, азамат толстушка
+3
bond02
2018-05-13 12:41:32
Евровидениеде жыл откон сайын он келбети менен тан калтыргандар чыгып жаткандай го.
+16
Tyty1990
2018-05-13 13:00:14
bond02, Эми башты алып салып эле барыш керек го
+6
Dembele84
2018-05-13 15:51:12
bond02,Былтыр Португалиядан бир жакшына жигит утту,2016 Украинадан Джамала утту бир сонун,2015 Швециядан утту ону келбети келишкен жигит.2014 Сакалчан катын эле болбосо.Андан кийин Азербайджан,Германия,Швеция,Норвегия, Россииядан ондору келишкен кыздар жигиттер утту.Арасына необычныйларды да кошуп кызыктырбаса конкурстун кызыгы кетип калбайбы!
0
Dembele84
2018-05-13 13:29:47
Ыры жакшы болсо,семиз болмок тургай башка болсо да колдойт.Ыры необычный болуптур,башкалардан айырмаланып ошон учун утуп кетти.Орустардын Самойловасы полуфиналда жаман уят болду нотага тушпой адашып.
+8
Ajara_13
2018-05-13 14:10:02
Нетта Барзилай куттуктайбыз
0
Abdusamat.kg
2018-05-13 15:33:09
Кебетелери башкача эле болгондор утуп жатат . Евровидение - еврокебете
+1
Dembele84
2018-05-13 15:42:46
Abdusamat.kg,Семиз кыз менен Сакалчан катынды коруп эле жыйынтык чыгарбагыла кебетелери башкачалар утуп атат деп.Акыркы маалдагылардан Россия,Норвегия,Германия,Азербайджан,Швеция,Украина,Португалиядан бир жакшына эле ырчылар утушту аларды эстен чыгарбагыла!
0
Mavlyuda
2018-05-14 10:04:20
Dembele84,Сакалчан катын Кончита Вурст эми эркек болуп чыгыптыр го кайра
+1
nelya88
2018-05-13 18:35:56
Ырын угуп алып абдан таң калдым.. Элдин 'вкусу' эмне болуп бараткан? Утканына караганда үнү шумдук болуш керек деп аткаруусун көрүп алып, бул конкурстун деле баркы кетип баратканына ынандым
+2
mirbek_kgz.1990
2018-05-13 20:50:55
Томпошка десе мынча ширин кыз болбосо
-3
Matahara1980
2018-05-13 21:12:43
Башында эле фаворитка деп атышкан Израильтянка, 23 миллион киши коруп коуптурго клипин, все равно кучтуулор чыгат финалга.
-2
Rolly
2018-05-14 09:44:53
Ырынын мааниси кучтуу болбосо да озунун артистик чеберчилиги менен алып кетти. Аткаруучуулук жондому кучтуу экен, айрыкча мимика жесты и плюс вокал. Бул жакка уну жоктор барбайт да тем более жандуу ырдап. Кипрда кучтуу келечектеги Шакира 2 болот го. Мумкун Оз олкосундо абдан белгилуу болсо керек.
+1
Aiymasuulu
2018-05-14 12:03:18
Жакшы азамат,бизгеда ийгилигинен жуксун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан