Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде коргонуу үчүн колдонулган газ баллон чачылды

Бүгүн, 13-майга караган түнү саат 01:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Турусбеков жана Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Метро паб" эс алуучу жайында коргонуу үчүн колдонулган газ баллон чачылды.

Окуянын күбөсү Рамис Шерматовдун билдирүүсүнө ылайык, ал биринчилерден болуп өзүн жаман сезип баштаган.

"Түндө досторубуз менен эс алып жатканбыз. Бир маалда тамагым ачышып өзүмдү жаман сезип баштадым. Мен дароо бирөө газ баллонун чачып жибергенин түшүнүп, залдын ичиндегилерге "эшикке чыккыла" деп кыйкырдым. 5 мүнөткө жетпей элдин баары эшикке чыкты. Өздөрүн жаман сезип жаткан адамдарды көрүп 2 бригада "Тез жардам" кызматын чакырдым. Алар келип көрүп, жабыркагандар жок экен деп кетип калышты. Бирок өзүн жаман сезип, башы айланып, тамагы ачышып, кусуп жаткан адамдар бар болчу", - дейт Шерматов.

Ал эми эс алуучу жайдын жетекчилиги укук коргоо органдарына арыз жазгандыгы жана газ баллонду чачып жиберген кылмышкер видео көзөмөлгө түшүп калгандыгын билдирди. Алардын божомолунда бул ишти алардын атаандаштары жасаган.
Ал эми окуя тууралуу билүү үчүн Бишкек ШИИБи менен байланышканга мүмкүнчүлүк болгон жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mars575
2018-05-13 16:03:14
Ушул ночной клуб дегендерди эмне кылса,өткөндө барып тооба кылып келдим. Кыргыздын сулуу кыздары энеееең, европа шарманда, эми кылган кылыктары..... жакамы кармап давлением чыгып үйгө зорго жеттим.
+3
Atas
2018-05-13 18:12:28
Mars575,Тунку клубка бузулган кэлиндер эркектер барат
+2
abon
2018-05-13 22:22:23
Atas,туура айтасыз, минус баскан Адам клубта коп жургон Адам окшойи, ОЗУ негизи клубка илимдуу норм Адам барбайт. Созунузго кошулам, Кудай сактасын!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан