Ооганстанда аскерлер менен "Талибан" радикалдык кыймылынын согушчандары кагылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кагылышуу Ооганстандын Кундуз провинциясына караштуу Дашти-Арчи районунда болгон. "Талибандын" ондогон согушчандарынын кол салуусунан 8 аскер жана аталган кыймылдын 6 мүчөсү каза болгон. Ошондой эле 4 талиб жарадар болгон. Кагылышуу бир нече саатка созулуп, өкмөттүк күчтөр согушчандардын чабуулун токтоткону айтылат.
"Талибан" кыймылы кол салуу боюнча жоопкерчиликти өз моюнуна алганы маалымдалат.