Депутат Камчыбек Ташиев кичи мекенинде түлөө берет

Бишкек шаардык соту тарабынан бардык беренелер боюнча акталып, камактан бошотулган “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев кичи мекени Жалал-Абад облусунда түлөө берет. Бул тууралуу аймактык кабарчы Кенже Байгабылова билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-июнда Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында саат 18:00дө мал союлуп, түлөө өткөрүлмөкчү. Түлөө концерттик программа менен коштолуп, Ташиевдин тарапташтары депутатка ат мингизери айтылууда. Ошондой эле Камчыбек Ташиевдин алдыдагы күндөрдө Ош, Баткен облусунун тургундары менен жолугушуусу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан