Индонезиядагы чиркөөлөрдү бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү жардырган

Индонезиядагы үч чиркөөнү бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү жардырган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, үй-бүлө мүчөлөрү Жемаа Аншарут Даула (JAD) террордук тобуна мүчө болушкан. JAD'дын Ислам мамлекети террордук тобу менен байланышы бар экени аныкталган. Ал эми каза болгондордун саны 13 адамга жеткени айтылат.

"Үй-бүлөнүн атасы чиркөөлөрдүн биринин аймагына жардыруучу заттар жайгаштырылган машина менен кирген. 16 жана 18 жаштагы эки баласы мотоцикл менен жардырышкан. Ал эми апасы менен 9 жана 12 жаштагы эки кызы үчүнчү чиркөөнүн аймагына барышкан. Алар жакында эле Индонезияга Сириядан кайтып келишкен", - деп билдирген аталган өлкөнүн полициясынын жетекчиси Тито Карнавиана.

Ал эми Индонезиянын президенти Жоко Видодо жан кечтилердин аракетин "жырткычтык, коркоктук" деп атаган.

Биринчи жардыруу кечээ, 13-майда Сурабая шаарындагы ыйык Мария чиркөөсүндө жергиликтүү саат менен 07:00дө болгон. Кийинки эки жардыруу 5 мүнөт аралык менен орун алган.

Айта кетсек, кечээ, 13-майда Индонезиянын Сурабая шаарындагы ыйык Мария, протестанттык Жалан Дипонегоро жана "элүүнчүлөр" чиркөөлөрүндө жардыруудан 9 адам каза болуп, кырк киши жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dalil
2018-05-14 14:03:34
Бул жөн гана ислам дининдегилерди жаман көрсөтүү үчүн башка диндегилердин иши же ислам динин туура эмес түшүнгөн(адашкан) мусулман бир туугандарыбыз. Пайгамбарыбыз (С.А.В.) 2 еврейди өзүнө канча жаман мамиле жана жаман сөздөрдү айтканына карабай жакшы мамиле кылгандыгы үчүн алар ыйман келтирип ислам динин кабыл алышкан. Сауд Арабияда да башка динди туткандар бар аларга мындай жанкечти аракет жасабайт.
+2
Mina24
2018-05-14 14:38:42
Админ менин катталганыма коп эле болду билип койчу сураныч мен камент бере албай атам жоооооп
-1
filis
2018-05-14 15:08:06
Mina24,
Комент жазыптырсын го.
+1
filis
2018-05-14 14:56:57
Ашынган исламисттер экен. Ошондуктан элди динге азгыра бербеш керек. Мамлекет светтик маданиятты, баалылуктарды которуш керек. Болбосо эл арасынан ашынган динчилдер чыгышат да башка диндерди жек коруу сезимдери кучойт. Негизи элди эч убакта динге угуттоп, исламдаштырып кереги жок. Мамлекет светтик баалулуктарга ото конул буруу зарыл. Диндин аягы барып элдин психилогиясын карангылыка такап коюшу мумкун.
-3
Rahmatovich7
2018-05-14 15:15:55
filis,Ушу сен дагы баштадынбы динди жамандап. Ушуга окшогон нерселерди да сага окшогон динди жаман атты кылгысы келгендер, динди тушунбогондор кылып жататта. Мусульмандарды жаман коргоздуруш учун
+4
adii
2018-05-14 16:42:09
Бир ашынган светтик радикал фанат бар, качан болсо башка башка никтер менен кирип дин жаман деп жаза берет, Ислам дининде озун-озу олтургонго тыюу салат и башка диндегилерди адам катары сыйлайт. Бул жардыргандарды мусулман деп эсептебеймин мен.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан