Жогорку Сот адвокат Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү коттеджин сатуу боюнча ишти артка кайтарды. Мындай чечим кабыл алынганын бүгүн, 14-майда SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган сот иши Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайра кароо үчүн кайтарылды. "Буга чейин Жогорку Сот Чолпон Жакупованы экс-президентке 3 миллион сомду бөлүп төлөөсүнө тыюу салган райондук жана шаардык соттун чечимин артка кайтарган. Ал эми коттедждерди сатуу боюнча иш өзүнчө каралып жатат. Буга чейин сотко "Жакупова 3 миллион сомдук доону коттеджин сатып төлөсүн" деген өтүнүч келтирилген. Жогорку Сот бул ишти да кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга кайтарды", - деди Жогорку Соттун басма сөз кызматынан.
14-февралда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакупова экс-президент Алмазбек Атамбаевге доо арызын төлөш үчүн анын Ысык-Көл облусундагы 60 чарчы метрди ээлеген коттеджин сатыкка коюу чечимин кабыл алган.
Айта кетсек, 2017-жылы Башкы прокуратура экс-депутат Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Башкы прокуратура "Занозанын" башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо койгон. Жалпы доонун баасы 12 миллион сом болгон. Райондук, шаардык жана Жогорку Сот да доо арызды канааттандырган.
Буга чейин Жогорку Сот доого жыгылган Жакупова, Маслова жана Нарын Айыпка карата чыккан акчаны бөлүп төлөөгө тыюу салган чечимди жокко чыгарган.