Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга деп сатылып алынган 10 телефон уурдалды. Бул тууралуу активист Айнагүл Абдрахманова SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, телефондор кечээ, 13-май күнү болжол менен саат 15:00дөн 16:30тар чамасында уурдалган.
"Телефондор ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналып сатылып алынган. Кечээ саат 15:00 чамасында Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине унаамды токтотуп, жарым саатка үйгө кирип чыккам. Кайра келип эле унаамдан телефондорду таппай калдым. Машинамды талкалап деле кетишпептир, эч нерсе байкалбагандай уурдалыптыр", - деди ал.
Абдрахманованын айтымында, уурдалган телефондор боюнча Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылган.
"Бул телефондор Ош шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бүгүн, 14-майда тапшырылмак. Себеби балдарды IT-академиясына өтүшү үчүн эки ай бою компьютер пайдаланууну үйрөткөнбүз. Алар телефондон ар кандай сабактарды көрүп, окууга даярданышмак. Учурда мен Ош шаарында иш сапарында жүргөндүктөн, бул окуя боюнча жолдошум териштирип жатат. Кандай жол менен уурдалганын түшүнө албай жатам. Телефондордун жалпы суммасы 58 миң 200 сомду түзгөн. Ошондой эле ал акча атайын чогултулган", - деди Абдрахманова.