Аксыда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин көчөлөрдөн дарыядай сел акты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Мунарбек Жумабеков билдирди.
"Кечээ, 13-майда саат 14:30дар чамасында алгач шамал болуп, кийин катуу жамгыр жаады. Натыйжада Кара-Суу айыл аймагынын Шергазы жана Жаңы-Айыл айылдарын сел каптады. Көчөлөрдө сел чакан дарыянын суусундай эле каптап акты. Сел үйлөрдү каптап, кой-эчкини агызып кетти", - дейт тургун.