Бишкекте жаңы курулуп жаткан соода борборунан 1 адам кулап, жаракат алды

Бишкек шаарында жаңы курулуп жаткан соода борборунан 1 адам кулап кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан "Ала-Арча" соода борборунан 1 адам кулап түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда кулап түшкөн адамды ошол жердеги адамдар ооруканага алып кетип калышкан.

Ошондой эле редакцияга "Тез жардам" кызматынан аталган даректе адам кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн тастыктап, алардын кызматкерлери барганга чейин аны жарандар алып кетишкенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MES
2018-05-14 15:09:08
Алып кетет да анан жарым саат кутмок беле? тез жардам, милиция качан келет деп
+1
monster_high_98
2018-05-14 16:41:56
Аман эле болсо экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан