Базар-Коргондогу автобекетте айылдашына бычак сайган 24 жаштагы адамдын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Базар-Коргон райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, анын купуялуулугу үчүн тергөө иштеринин жүрүшү тууралуу айта албайбыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, 7-майда окуянын күбөсү "Базар-Коргондо маршруттук таксиден чыр чыгып, жүргүнчүлөрдүн бири далысына сайылган бычактан улам каза болду", - деп кабарлаган эле. Кийин Жалал-Абад ОИИБинен кылмышка шектүү кармалганын, ал маркум менен айылдаш экенин билдиришкен.