Жалал-Абад облусун кыдырып, уурулук менен алектенип жүргөн 2 аял, 1 кыз кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы, Ноокен районундагы жана Таш-Көмүр шаарындагы дүкөндүн ээлери алардын ири суммадагы акчаларын белгисиз 3 кыз уурдап кетишкенин айтып кайрылышкан. Алар сатуучуларды алаксытып туруп акчасын уурдап кетишкенин айтышкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 2 аял жана 1 кыз кармалган. Алардын экөө үй-бүлөлүү болсо, бири турмушка чыга элек кыз болгон.
"Шектүү катары кармалгандардын экөө Кара-Көл шаарынын тургундары - 20 жаштагы Р.А. жана 22 жаштагы Р.М. аттуу келиндер. Р.М. аттуу келиндин 1 жашка чыга элек баласы бар. Үчүнчүсү 22 жаштагы А.А. аттуу Ала-Бука районунун тургуну, турмушка чыга элек, мурда "уурулук" фактысы менен соттолгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, ошондой эле башка уурулук фактыларына тиешеси бар же жок экендиги такталып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.