Токтогулда 13 жаштагы баланы сабаган мурдагы мугалимдин баш коргоо чарасы аныкталды

Токтогул районунда 7-класстын окуучусун сабаган мурдагы мугалимдин баш коргоо чарасы каралып, тергөөчүнүн өтүнүчү менен жеке кепилдикке алуу чарасы тандалып алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим 10-майда чыгарылган.

Токтогул РИИБинин тергөөчүсү айыпталуучу С.Э.ге карата Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш ишин козгогон. Андан соң тергөөчү шектүүнүн бөгөт коюу чарасы катары жеке кепилдикке алуу жөнүндө өтүнүчүн Токтогул райондук прокуратурасына жиберген. Ал эми Токтогул райондук соту мугалимдин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигин эске алып, тергөөчүсү келтирген өтүнүчүн канааттандырып, айыпталуучу С.Э.ге карата баш коргоо чарасы катарында жеке кепилдикке берүү түрүн тандаган.

Эске салсак, 28-апрелде Токтогул РИИБине аталган айылдын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү 1986-жылы туулган мурдагы дене тарбия мугалими С.Э. эч себепсиз 7-класста окуган баласын сабагандыгын жазган. Бул иш боюнча экспертиза дайындалып, окуучунун жеңил жаракат алгандыгын аныктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2018-05-15 11:35:33
Мугалим окуучуну анча мынча уруп койсо эч нерсе болбойт.
Мугалим менен врачтар ансыз да аз эле айлыкка иштеп жатат, кээ бирлерин эске албаганда. Кыргызстандан чыгып кеткени канча.
+1
monster_high_98
2018-05-15 12:54:45
Эч себепсиз эле урганына ишене албайм!Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан