Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын качан жолугары белгилүү болду

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 12-июнда жолугушат. Эми Корея жарым аралыгындагы тынчтык, Корей согушунун аякташынын жарыяланышы күтүлөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган жолугушуу Сингапурда болуп өтөт. "Көптөн күткөн жолугушуубуз 12-июнда Сингапурда өтөт. Бул күн биз жана дүйнө үчүн өзгөчө мааниге ээ. Негизги максат - корей жарым аралындагы тынчтыкты сактоо. Мен үчүн бул жетишкендик "Нобель" сыйлыгынан да жогору", - дейт АКШнын президенти.

Буга чейин Ким Чен Ын Түндүк Корея өзөктүк куралын жана континент аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүүнү токтотуп, өлкө түндүгүндөгү ядролук полигонду жабарын жарыялаган. Ошондон кийин Түштүк Корея, Кытай жана АКШ сыяктуу өлкөлөр менен мамилелешүүгө бара баштаган.

Белгилей кетсек, 27-апрелде Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын лидерлери алгачкы ирет жолугушуп, жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Жолугушуудан соң эки тараптын ортосунда тынчтык келишимине келүү жана өзөктүк куралдан арылуу тууралуу макулдашуу болгону жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан