Баткен облусунун Кадамжай районунда эркек адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-майда болгон.
"Кадамжай районунда эркек адам сууга чөгүп кеткендиги боюнча тийиштүү бөлүмгө билдирүү келип түшкөн. Куткаруу иштерине ӨКМнын №3-өзүнчө куткаруу тобунун 4 куткаруучусу тартылган. Суунун агымы кооптуу болуп, түн киргендигине байланыштуу издөө иштери бүгүн улантылат. Ошондой эле сууга чөгүп кеткен адамдын өздүгү такталууда", - деп билдирди маалымат катчы.