Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн 15-майда кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кызматынан бошотулган. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренеси - мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу.
47-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пункту - саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар ээлеген кызматынан бошотулат.