24-июлда Жалал-Абадда УКМКнын облус боюнча башкы башкармалыгында жергиликтүү бийлик жана ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө УКМКнын өкүлү Ала-Бука районунун Булак-Башы айылындагы мектептин курулуш иши боюнча маалымат берди. Анын айтымында, мектепти курууга 2019-жылы 23 миллион сом бөлүнгөн. Бирок курулуш иштери сапатсыз жүргүзүлгөндүктөн, мектеп авариялык абалга келип калган. Текшерүүдө 2 миллион 220 миң 750 сомдук жумуштар аткарылбаганы аныкталган.
Ал белгилегендей, тендерди "Акжол Курулуш-Транс" ЖЧКсы жеңип алган. Мектеп курулуп бүткөндөн кийин объект кабыл алуу келишими болгон эмес. Буга подрядчы компаниянын жетекчиси Дастанбек Абдукадиров чакырууларга келбей койгону себеп болгонун кошумчалады.
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Досмамбетов мектептин спорт залынын полу чирип калганына токтолуп, подрядчыдан себебин сурады.
Ал жел тарткычтар жабылып калгандыктан полдун тактайлары чирип кеткенин айтты. Досмамбетов кайрадан себебин сурады.
"Жабылып калганына байланыштуу алдында аба жүрбөй калган. Усталар ортосуна бетон куйганда жел тарткычтарды жаап алышыптыр. Көзөмөл кылган балдар да карашпаптыр. Бирок өтө сапаттуу курулган эле. Муну алмаштырып беребиз. Мен усталарды Оштон алып келсем, "өзүбүздүн айылдагы жумушту өзүбүз кылабыз" деп, жергиликтүүлөр аларды кубалап салышып, анан өздөрү кылышкан да", - деп жооп берди Абдукадирович.
Анын жообуна ачуусу келген Досмамбетов атайын кызматтын өкүлдөрүнө камакка алууну тапшырды.