Ош облусунун Кара-Суу районунда 49 жаштагы адам сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-майда Кара-Суу районунун Савай айыл аймагындагы Савай каналына 49 жаштагы А.Б. аттуу адам агып кеткен. Аны издөө иштерине 6 куткаруучу, 5 милиция кызматкери жана жергиликтүү 20 тургун тартылган. Учурда издөө иштери уланып жатат.